Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

Акундун тарапкерлеринин боз үйү чечтирилди


Турсунбек Акундун тарапкерлери акыйкатчы имаратынын алдына тиккен боз үйү милиция тарабынан чечтирилди. Кечээ ал жерде Турсунбек Акундун укугун коргоо максатында нааразылык акциясы башталган болчу. Акун тартип коргоо органдарынын бүгүнкү аракетин мыйзамсыз деп баалоодо. Ал эми шаардык милициядан "Азаттыкка" кабарлашкандай, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ал боз үйгө шаар бийлиги тарабынан уруксат жок болгондуктан ошондой чара көрүлдү. Жогорку Кеңештин чечими менен Турсунбек Акун акыйкатчылык кызматтан быйыл июн айында алынган. Бул чечим мыйзамсыз деген Акун учурда парламент менен соттошууда. 16-сентябрдан бери ал өзү да ачкачылык кармап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG