Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

“Республика” фракциясы Кумтөр меморандумуна каршы


“Республика” фракциясы бүгүнкү отурумунда “Кумтөр” ишканасы боюнча түзүлгөн жаңы меморандумду аткарууну токтотуу сунушун кабыл алды. Фракциядан маалымдашкандай, "республикачы" депутаттар Кыргызстандын экономикалык жана укуктук талаптары аныкталмайынча меморандум аткарылбайт деп чечишти.

Жыйында фракция “Кумтөр” ишканасы боюнча 1992-2009-жылдар аралыгында түзүлгөн келишимдердин аткарылуусунун экологиялык, тоо-техникалык, юридикалык жана социалдык - экономикалык шарттарын көз карандысыз экспертизадан өткөргөн эл аралык аудитордук компаниялардын иликтөө жыйынтыгын жалпы жыйындарда угуу чечимин кабыл алды.

Кумтөр боюнча сүйлөшүүнүн жыйынтыгын өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна өткөн жумада берген. “Кумтөр” ишканасы боюнча кыргыз өкмөтүнүн "Центерра голд" менен түзгөн меморандуму ишке кирүүсүнө “Ата Мекен” фракциясы да каршы чыккан. КСДП фракциясы азырынча бир жактуу баасын бербей, маселени коалициялык көпчүлүктүн кароосуна алып чыгууну сунуштаган. Ага ылайык көпчүлүк коалиция меморандум маселесин 24-сентябрда карайт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG