Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:38

Жүрөгү оорулар үчүн кайрымдуулук концерти уюштурулууда


Октябр айында Бишкекте кайрымдуулук концерти өткөнү жатат. Андан чогулган акча жүрөк дартына чалдыккандарга жардам берүүгө жумшалмакчы. Акцияны АКШ өкмөтү каржылаган билим берүү программалары, Улуттук университет жана Медицина академиясы уюштурууда. Алар Улуттук кардиология жана терапия борборуна атайын жабдуу сатып алып, жарды үй-бүлөдө жашаган жүрөгү оору бөбөктөргө жардам берүүнү, дени сак жашоого үгүттөөнү максат кылууда. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда илдеттен каза тапкандар арасында жүрөк-кан тамыр оорулары биринчи орунда турат. (RK)

XS
SM
MD
LG