Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Батукаев маселесин кароо кайрадан үзгүлтүккө учурады


Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети бүгүн Азиз Батукаев боюнча депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде кабыл алынган парламент токтомунун аткарылышы жөнүндөгү маселени карабай калды. Ага кворумдун жоктугу себеп болду. Күн тартибине ылайык, баяндамачы катары өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев катышмак. "Ата-Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев депутаттар бүгүнкү жыйынга атайын келбей койгонун айтып, бул маселе жума күнү фракция отурумунда талкууланаарын билдирди.

“Мыйзамдагы ууру” атыккан Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушун иликтөө үчүн өкмөттө жумушчу топ түзүлгөн. Депутаттардын 30-майдагы токтомуна ылайык, Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышына тиешеси бар делген ошол кездеги вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ички иштер министри Абдылда Суранчиев, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев баштаган бир нече жетекчини 10 күндүн ичинде кызматтан алууну өкмөткө тапшырган. Булардын ичинен Шамил Атаханов гана өз каалоосу менен иштен кетсе, Жогорку Кеңеш акыйкатчы Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматтан алган.

Батукаев маселесин комитеттерде кароо буга чейин да бир нече жолу үзгүлтүккө учураган болчу. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG