Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Дамаскта катуу жардыруу болду


Сириянын борборундагы катуу жардыруудан адамдар мерт кеткенин жана жабыркагандардын бар болгонун өлкөнүн мамлекеттик телеканалы кабарлады.

Телеканал жардыруу артында тургандарды "террорчулар" деп атады.

Мамлекеттик телеканал адатта мындай аныктаманы президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан козголоңчуларга карата колдонот.

Азырынча өлгөндөрдүн жана жараат алгандардын саны такталууда.

Жардыруу шаардын түштүк бөлүгүндө, бийлик жана козголоңчулар ортосунда тирешүү жүрүп келген аймакта болду.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча, 2011-жылдан бери Сириядагы жаңжалдан жүз миңден ашуун адам набыт болду. (AIK)

XS
SM
MD
LG