Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Той-аш чыгымдары тууралуу коомдук пикир талданат


Кыргыз өкмөтү той-ашка кеткен чыгымдар боюнча элдин пикирин билүү үчүн атайын топ түзмөй болду. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Кечээ вице-премьер-министр Камила Талиева жыйын өткөрүп, той-топурлардагы ысырапкорчулук чектен ашып жатканын айтты. Жыл сайын кыргызстандыктар той-ашка 2 миллиард доллар чачаарын билдирди. Айрымдары ал акчаны карызга, насыяга алып, кийин төлөй албай кыйналып жатканын кошумчалады.

Жыйынга катышкан Кыргызстан элинин ассамблеясынын жетекчиси Бектемир Мурзубраимов бул маселени тыюу салуу жолу менен чечүү мүмкүн эместигин, дин кызматкерлери аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек экенин айтты.

Той-аштардагы ысырапкорчулук аймактагы башка республикаларга да мүнөздүү көрүнүш. Тажикстан былтыр ага каршы мыйзам кабыл алган. Бул мыйзамды бузгандар айыпка жыгылат. (RK)

XS
SM
MD
LG