Өзбекстанада белгилүү укук коргоочу Бобомурод Раззоков 4 жылга түрмөгө кесилди. “Эзгулик” укук коргоо уюмунун Бухара бөлүмүнүн жетекчиси, 60 жаштагы Раззоков адам аткезчилиги үчүн айыпталган. Бул тууралуу анын бир тууганы “Азаттыктын” өзбек редакциясына айтып берди.
Сот процесси жабык режимде өттү. Раззоков балдардын пахта иштерине тартылышына каршы аракеттери менен белгилүү.
“Эзгулик” - Өзбекстанда каттоодон өткөн жападан жалгыз укук коргоо уюму.
Сот процесси жабык режимде өттү. Раззоков балдардын пахта иштерине тартылышына каршы аракеттери менен белгилүү.
“Эзгулик” - Өзбекстанда каттоодон өткөн жападан жалгыз укук коргоо уюму.