Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Бишкекке Наина Ельцина келди

Бүгүн Бишкекке Орусиянын алгачкы президенти Борис Ельциндин жесири Наина Ельцина келди. Ал Кыргыз-Орус Славян университетинин 20 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан салтанаттуу жыйынга катышат. Аталган жогорку окуу жай бүгүнкү күндө өлкөдөгү эң престиждүүлөрдүн катарында турат. Ал 1993-жылы Кыргызстан менен Орусия ортосундагы достук келишиминин негизинде ачылган болчу. 2004-жылы университетке Борис Ельциндин наамы ыйгарылган. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG