Жогорку Кеңеш бүгүнкү отурумунда Кыргызстандын Акыйкатчысын шайлайт. Акыйкатчылыкка талапкер болуп отуздан ашуун киши катышкан, алардын арасында укук коргоочулар, жарандык коом өкүлдөрү, ошондой эле ЖК депутаты Асия Сасыкбаева жана мурунку Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу да бар.
Парламенттин токтому менен Акыйкатчылыктан четтетилген Турсунбек Акун Жогорку Кеңештин бул токтомун жокко чыгарууну өтүнүп, сотко кайрылган. Мурдараак Бишкектеги райондор аралык сот анын арызын кароодон баш тарткан, өткөн жумада Бишкек шаар соту Акундун арызын канааттандырбаган чечим чыгарган. Турсунбек Акун ушул тапта акыйкатчылыкты талап кылып, ачкачылык кармоодо.(ZKo)