Бүгүн Жогорку Кеңеш акыйкатчыны шайлайт. Добуш берүү процессине жарандык коомдун 19 өкүлү көзөмөл кылмай болду. 50дөй талапкер акыйкатчылык орунга ат салышууда. Буга чейинки акыйкатчы Турсунбек Акунду парламент "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин түрмөдөн эртелей бошонуп чыгып кетишине тиешеси бар деп иштеп алып койгон болчу. Бул үчүн Акун Жогорку Кеңешти сотко берген. Сот чечими чыга элек. (RK)