Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Жалал-Абад: Алтын казуучулардын техникасы кайтарылды


Жалал-Абадда алтын казган «Vertex Gold Company» ишканасынын техникасы кайтарылып берилди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” облустук милиция башчысынын орун басары Мелис Шералиев билдирди. Анын айтымында, аталган компания жергиликтүү тургундарга жол куруу үчүн 5-сентябрга чейин 5 миллион сом берүүнү убада кылган. Бирок бул акча дагы эле түшө элек болгондуктан нааразылар кечээ ал жерге барган:

- Кыш келатат, суук түшкөнчө жол куруп алышыбыз керек десе фирманын жетекчисинин орун басары эки машинаны ала бергиле деген экен. Азыр машиналар кайтарылды. Эл менен кошо жергиликтүү депутаттар да барган. Азыр тынч.

«Vertex Gold Company» Чаткалда иштейт. Айрым маалымат булактарында анын бульдозерлерин жергиликтүү эл тартып алганы тууралуу кабар тараган болчу. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG