Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

"Арктик Санрайз" кемесиндеги дагы бир орус жараны камалды


Мурманск соту "Арктик Санрайз" кемесиндеги экинчи орус жараны Роман Долговду камоого уруксат берди. Роман Долгов отурумда деңиздердин булгануусу боюнча эксперт экенин, мунай өндүрүүчү платформаны басып алууга катышпаганын айткан.

Бүгүн сот сүрөтчү Денис Синяковду эки айга камаган. Синяков акцияны тартканын, башка иш-чараларга катышпаганын билдирген.

Орусиянын Чек ара кызматы 20-сентябрда Печорски деңизинде экологдор түшкөн "Арктик Санрайз" кемесин кармап, 24-сентябрда тергөөчүлөр каракчылык боюнча кылмыш ишин козгошкон.

“Арктик Санрайз” кемесинде 18 өлкөдөн 30 адам болгон. Алар: Аргентина, Австралия, Бразилия, Канада, Дания, АКШ, Британия, Нидерланды, Жаңы Зеландия, Украина, Орусия, Франция, Түркия, Финляндия, Швейцария, Польша жана Швециянын жарандары. (AiK)

XS
SM
MD
LG