Бишкекте жарандык коом өкүлдөрү үчүн семинар өттү. Европа Биримдигинин жардамы менен уюштурулган иш-чара сот адилеттигине болгон укук маселесине арналды. Семинарга укук коргоочулар, жарандык активисттер менен катар бийлик, эл аралык уюм өкүлдөрү жана эксперттер катышты. Жыйынтыгында Кыргызстандагы мыйзам принциптерин ишке ашырууну жакшыртуу боюнча кеп-кеңештер иштелип чыкты. (RK)