Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Үч депутатты актаган судьялар иштен алынмай болду


Кыргызстандын Соттор кеңеши "Ата-Журт" фракциясынын үч депутатын актаган Бишкек шаардык сотунун эки судьясы - Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев мөөнөтүнөн мурда кызматынан алынышы керек деген чечим чыгарды. Эми бул сунуш президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Биринчи Май райондук соту Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду былтыр октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттогон. Бирок кийин шаардык соттун судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев ал өкүмдү жокко чыгарып, депутаттарды актап чыгарган. Ал эми Жогорку Сот кайрадан райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырып, Зулушев менен Сатиев боюнча маселени Соттор кеңешине кароого сунуштаган. Үч депутат соттолгону үчүн мандатынан айрылды. (AKu/RK)

XS
SM
MD
LG