Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Кытайда аткезчилер уурдаган 90дон ашуун бала куткарылды


Кытай полициясы аткезчилер сатканы жаткан 90дон ашуун бала жана эки аялды туткундан бошотту. Өкмөттүк маалымат булактарынын кабарлашынча, 11 провинцияда өткөрүлгөн операция маалында аткезчиликке тиешеси бар деп шектелген 301 адам кармалган. Операция качан өткөрүлгөнү маалымдалбады.

Кытай өкмөтү адамдарды уурдап-сатууга каршы күрөштө бир топ ийгиликтүү кадамдарды жасады. 2011-жылы Кытай полициясы акыркы эки жылда уурдалган 13 миң бала жана 23 миң аял туткундан бошотулганын билдирген. Айыл жеринде жашаган кытайлыктар уул балалуу болгонго умтулушат. Өкмөттүн бир бала саясаты, серепчилердин айтымында, акыркы жылдары балдарды жана аялдарды уурдап-сатуунун көбөйүүсүнө өбөлгө түзүүдө.

XS
SM
MD
LG