Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Иран Буэнос-Айрестеги жардырууну иликтөөгө макул


Иран Аргентина менен чогуу 1994-жылы Буэнос-Айрестеги жөөт жаамаатынын борборунда болгон бомба жардыруусун иликтөөгө макулдук берди. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Гектор Тимерман жана Жавад Зариф мындай бүтүмгө ишемби күнү Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблясы учурунда келишкенин Аргентинанын өкмөттүк Telam жаңылыктар агенттиги кабарлады. Аргентинанын соту Иранды 85 адамдын өмүрүн алган жардырууга демөөрчүлүк кылган деп айыптаган. Агенттиктин билдиришинче, эки өлкө өкүлдорү ноябрда Женевада кездешип, тергөөчүлөр тобун түзөт. Акыркы күндөрү Иран-Батыш мамилесинде бир топ оң жышааналар пайда болду.

XS
SM
MD
LG