Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Акун ден соолугу начарлап баратканын айтууда


Он беш күндөн бери ачкачылык кармап отурган мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун ден соолугу начарлап баратканын айтууда. Бул тууралуу өзү “Азаттыкка” маалымдады. Бүгүн түнү ашказаны бир жолу катуу ооруган. Жарым айдан бери суу гана ичип отурган Акундун ушул тапта кан басымы 100\70ке түшүп калган. Буга чейин өзүнүн нормалдуу кан басымы 120\80 болгон.

Акун анын абалын сураганы бийликтен эч ким келбегендигине нааразы экендигин билдирди жана акцияны токтотуу жөнүндө ойлоно электигин айтты. Айрым маалымат булактары бүгүн Акун ачкачылыкты токтотконун жазып чыккан.

Мурдагы акыйкатчынын ден соолугу Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп жатат. Аталган борбордун жетекчи орунбасары Турдубай Нусуралиев Акундун ден соолугу оор экенин тастыктады. Бүгүндөн тарта ага укол-дарылар бериле баштаарын айтты.

Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошонуп кетишине тиешеси бар деген негизде Жогорку Кеңеш тарабынан июнь айында акыйкатчылыктан бошотулган Турсунбек Акун бул чечимди мыйзамсыз деп сотко кайрылган. Анын арызын алгач Бишкектин райондор аралык соту, андан соң шаардык соту карап канааттандырган эмес. Турсунбек Акун ачкачылык акциясын 16-сентябрда баштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG