Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Химиялык курал адистери Сирияга жөнөдү


Химиялык куралды тыюу боюнча эл аралык уюмдун 20 адиси бүгүн 30-сентябрда Дамаскка сапар алат. Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин буйругу менен аты аталган уюм Сирияга химиялык куралын 2014-жылдын орто ченине чейин жок кылууга көмөк көрсөтөт. Президент Башар Асад анын өкмөтү Бириккен улуттар уюмунун резолюциясын аткарарууга болгон күч-аракетин жумшаарын эскертти. Сирия 21-августтагы химиялык чабуулдан соң гана өлкөдө химиялык курал бардыгын мойнуна алган. Ал оротодо 40 чакты козголоңчул топтор Дамасктын тегерегинде Жайиш ал-Ислам тобун түптөгөнүн жар салды.

XS
SM
MD
LG