Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

АКШ- Иран: 30 жылдан кийин учак катташы мүмкүн


Ирандын президенти Хасан Роухани өлкөнүн авиация жетекчилигине АКШга түз каттам ачуу маселесин карап чыгуу тапшырмасын берди. Эки өлкө ортосунда акыркы авиакаттам 30 жыл мурда учкан.

Президент Роуханинин кеңешчиси Акбар Торкан белгилегендей, түз рейс ачылса анда АКШдагы ирандыктарга мекенине каттоо кыйла жеңилдейт. Роухани Батышка ыктаган бир нече кадам жасады. Алардын бири Ирандын талаштуу атомдук программасы боюнча сүйлөшүү жана АКШ президенти Барак Обама менен телефондон баарлашуу болду.

Тегеран менен Вашингтондун дипломатиялык алакасы 1979-жылы үзүлгөн. Ислам революциясына чейин Тегерандан АКШнын ирандыктар жык жайгашкан шаарларына “Иран Эйр” учуп турчу.

XS
SM
MD
LG