Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Карылар күнүнө карата жармаңке өтүп жатат

Бишкекте карылар күнүнө карата жармаңке өтүп жатат. Эркиндик бульварындагы иш-чарада улгайган кишилер жасаган буюмдар сатыкка коюлган. Аны “Карылардын өзүнө-өзү көмөтөшүү” уюму уюштурган. Жармаңкеге 60тай пенсионер катышууда.

Андан сырткары, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар тарабынан өлкө аймагында карыларга арналган иш-чаралар уюштурулуп жатат. Карылар үйлөрүндөгү багар-көрөрү жок карыяларга белек-бечкектер тапшырылууда. Учурда Кыргызстанда 579 миң пенсионер бар. (SE\UeZ)
XS
SM
MD
LG