Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:14

МАИчиге кол көтөрүү боюнча кылмыш иши козголду


Бишкектеги жол кайгуул кызматынын кызматкерине кол көтөрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 30-сентябрь күнү Бишкектин Тынчтык жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кайгуул кызматкерин белгисиз бирөө сабап кеткени кабарланган. Анда үйлөнүү үлпөтүнөн келаткан жоон топ адам кызматкерге баш ийбей аны сабап, кызматтык күбөлүгүн айрыган соң изин жашырган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” беренеси боюнча иш козголуп, шектүү катары Алай районуна караштуу Каруул айылынын 28 жаштагы тургуну кармалды. Калгандары изделип жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG