Орусиянын Сахалин облусуна акыркы 8 айдын ичинде 8 миң кыргызстандык каттоодон өткөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Элчилик өкүлдөрү ушул күндөрү Орусиянын Ыраакы Чыгыш аймагындагы кыргызстандыктардын абалы менен таанышууда. Анын жүрүшүндө бул аймактагы кыргызстандыктарга иш шарттары, укугун коргоо боюнча кеп-кеңештер берилип жатат.(BkA)