Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

"Гринпистин" 5 мүчөсүнө айып тагылды


Орусиянын Мурманск шаарынын прокуратурасы “Гринпис” уюмунун 5 мүчөсүнө деңиздеги каракчылык деген берене боюнча айып такты. Алар Орусия, Бразилия, Британия, Финляндия жана Швециянын жарандары.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык уюм айыптарды “ашыкча катаң” деп сыпаттады. Күнөөлөрү далилденсе, активисттер 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

19-сентябрда “Гринпистин” мүчөлөрү Арктикада мунай өндүрүүгө каршы акция өткөрүп жаткан кезде орус чек арачылары аларды Печорск деңизинде кармап кетишкен. Экологдордун кемесин Мурманск портуна алып барышкан. Бардыгы болуп анда 30 чакты киши бар болчу.

"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык уюму активисттерди бошотууга үндөп келатат.

XS
SM
MD
LG