Жогорку Кеңеште акыйкатчыны шайлоо маалында чыр чыкты. Комиссиянын төрагасы Бактыгул Маматовдун айтымында, депутаттарга 97 бюллетен таратылып, бирок шайлоо үкөкчөнү ачканда 101 бюллетен чыккан. Мындан улам комиссия мүчөлөрү шайлоону кайрадан өткөрүүнү сунуштады. Бирок айрым депутаттар буга нааразы болуп чыгышты. “Ата-Журт” фракциясынан депутат Акматбек Келдибеков акыйкатчыны шайлоо үчүн түзүлгөн комиссияны таратып, жаңы комиссия менен шайлоону кайрадан өткөрүүнү сунуштады. Жыйынтыгында депутаттар кайрадан добуш берүү чечимин кабыл алышты.(BkA)