Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Акыйкатчыны шайлоо эртеңкиге калды


Жогорку Кеңеште акыйкатчыны шайлоонун жүрүшүндө чыр чыкты. Мындан улам экинчи айлампада добуш берүүнүн жүрүшүндө депутаттарга 97 бюллетен таратылып, бирок шайлоо үкөкчөнү ачканда 101 бюллетен чыккан. Буга байланыштуу “Республика” жана “Ата-Журт” фракциялары комиссиядагы өз мүчөлөрүн чакырып алды. Андан соң депутаттары комиссия курамы кайрадан жаңыртылып, эртең экинчи айлампадагы добуш берүү чечимин кабыл алышты.

Акыйкатчылык үчүн сынак июнь айында мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун кызматтан бошотулган соң жарыяланган. Акыйкатчылык үчүн жалпысынан 49 талапкер ат салышты.

Добуш берүүнүн биринчи айлампасынын жыйынтыгында баарынан көп добуш топтоп, Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутаты Асия Сасыкбаева жана журналист Бакыт Аманбаев экинчи айлампага чыкты.(BkA)

XS
SM
MD
LG