Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Акыйкатчыны шайлоонун экинчи туру өтөт


Бүгүн Жогорку Кеңеште акыйкатчыны шайлоонун экинчи туру өтөт. Жыйында комиссия курамы жаңыртылып, андан соң добуш берилет.

Парламенттин шаршембидеги жыйынында акыйкатчыны шайлоо чыр менен коштолуп, экинчи турдагы добуш берүүдө ашыкча бюллетендер колдонулганы белгилүү болгон. Буга байланыштуу “Республика” жана “Ата-Журт” фракциялары акыйкатчыны шайлоо комиссиясындагы өз мүчөлөрүн чакырып алып, добуш берүүнү эртеңкиге калтыруу чечими кабыл алынган.

Акыйкатчылык үчүн сынак июнь айында мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун кызматтан бошотулган соң жарыяланган. Бул орун үчүн жалпысынан 49 талапкер ат салышты. Добуш берүүнүн биринчи турунун жыйынтыгында эң көп добуш топтогон “Ата Мекен” фракциясынан депутат Асия Сасыкбаева жана журналист Бакыт Аманбаев экинчи турга чыккан.(BkA)

XS
SM
MD
LG