Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

Атамбаев Меркелге куттуктоо жолдоду


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Германиянын президенти Йоахим Гаукту жана канцлер Ангела Меркелди Германиянын биримдик күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Атамбаев татаал тарыхый жолду басып өткөн Германия бүгүн дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн катарында экенин белгилеген. 2012-жылдын декабрында Берлинде болуп өткөн сүйлөшүүлөр эки тараптуу мамилелерди, өнөктөштүктү жана достукту, өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн жаңы этабына алып чыккандыгын айткан. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG