Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткендеги "Жаш саясатчылар клубунун" лидери Бахрам Рахманкулов билдирди. Анын айтымында, "Жаш саясатчылар клубу" Баткен облусунун Өзбекстан менен чектеш айылдарындагы жогорку класстын окуучулары арасында "Толеранттуулук маданиятын жайылтуу" долбоорун баштады.
Долбоор алкагында Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен айылдар тандалып алынып, жаштар толеранттуулукка тарбияланат. Муну менен катар чек арадан өтүүдөгү укуктук билимдери жогорулатылмакчы. Бул үчүн интерактивдүү жол менен окутуу, толеранттуулуктун негизи жана конфликтологияны жаңы технологиялар менен окутуу аркылуу атайын программа ишке ашырылат. (JsA)