Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Ташиев Кара-Кулжада эл менен жолугушууда

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Кулжа районунда эл менен жолугушууда. 7-канал телекомпаниясынын кабарчысы Рамис Каимовдун “Азаттыкка” билдиришинче, ага миңге чукул адам катышууда.

Жолугушууга келгендер Ташиевге Жогорку Кеңештин дарбазасынан секирген себебин, кайра саясатка келер-келбесин, келечек пландары туурасында суроолорду беришүүдө. Кара-Кулжа районунун акими Каныбек Алиязов жыйын тынч өтүп, ага 150-200дүн тегерегинде гана адам катышып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Бул Камчыбек Ташиевдин сот өкүмү чыккандан кийин эл менен биринчи жолугушуусу. (КЕ)
XS
SM
MD
LG