Жер ортолук деңизде Африканын Сомали өлкөсүнөн 500 мигрантты ташып бараткан кеме кырсыкка учурап, бери дегенде 92 адам сууга чөгүп кетти.
Кеме Италиянын түштүгүндөгү Лампедуза аралынын жанында кырсыкка учураган. Куткаруучулар курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн деп билдиришти.
30-сентябрда да Италиянын Сицилия аралынын жанында кеме кырсыкка учурап, 13 мигрант каза тапкан. Лампедуза аралы аркылуу миңдеген африкалык мыйзамсыз мигранттар Евробиримдикке кирген өлкөлөргө келишет.