Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Кумтөрдөн кирешени алтын түрүндө алуу сунушталууда


Мындай сунушту бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Ар-намыстан" депутат Анвар Артыков көтөрүп чыкты. Анын айтымында, Кумтөрдөн казылып алынган алтындын жалпы көлөмүнүн 30% алса, Кыргызстан үчүн пайдалуу болмок.

Ушул тапта парламент өкмөт менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумду талкуулап жатат. Меморандумду Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев чийки деп сындады.

Өкмөт өткөн аптада сунуштаган меморандумга ылайык, эки тарап 50 пайыздык үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүп, ага Кыргызстан жетекчилик кылмакчы. Учурда иштеп жаткан “Кумтөр” келишими боюнча “Центерра Голд” ишканасында Кыргызстандын 33 пайызга жакын үлүшү бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG