Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Жумгал: митингчилердин талабы аткарылат


Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондуна жана аталган айылга тиешелүү үлүш жерлер кайрадан такталып чыкмай болду. 4 -октябрда “Кыргызгипрозем” мамлекеттик ишканасынын жана Мамлекеттик каттоо департаментинин өкүлдөрү Жумгал районуна барып, митингчилер менен жолуккан.

Жергиликтүү бийлик жана борбордон келген өкүлдөр менен бирге Көк-Ой айылынын тургундары сүйлөшүп, жакынкы күндөрдө жерлер тактала баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” айылдык кеңештин төрагасы Мурат Кыргызбаев кабарлады. “Азыр сүйлөшүп митингди токтоттук, бирок туура эмес иштер уланса кайра чыгабыз”, – деди Кыргызбаев.

3 күндөн бери Жумгал районунун Көк-Ой айылынын тургундары өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондуна жана аталган айылга тиешелүү үлүш жерлерин кайрадан тактап, жери жок тургундарга бөлүп берүү талабы менен митингге чыгышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG