Ирландиялыктар республиканын Парламентинин жогорку палатасын жоюу маселеси боюнча референдумда добуш берип жатышат. Премьер-министр Энда Кенну конституциялык реформанын алкагында Сенатты жоюу өлкөнүн чыгымдарын жылына 27 миллион долларга кыскартат деп эсептейт. Ал эми анын сынчылары жогорку палатаны жоюу бийликтин узурпациясына алып келет дешти. Сенатка 60 мүчө жергиликтүү бийликтер жана университеттер тарабынан дайындалат. Алдын-ала сурамжылоолор боюнча шайлоочулардын көбү жогорку палатаны жоюуга макул.