Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Үсөнов билдирди.
Маалыматка ылайык, облустагы Сузак районунан 11, Токтогул районунан 1 киши Орусияга жана Түркияга иштеп келебиз деп кетип, андан ары Сирияга өтүп кетишкен. Учурда жарандык согуш жүрүп жаткан Сирияда алардын эмне менен алектенип жүргөнү белгисиз.
Жакында алардын айрымдары ата-энеси менен байланышып, Түркия аркылуу Кыргызстанга кайтаарын кабарлашкан. Мындан улам УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы жана облустук казыят жумуш издеп, чет өлкөлөргө чыгып жаткандар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Буга чейин да Кызыл-Кыя шаарынан 7 адамдын Сирияга кеткени белгилүү болгон. Алардын айрымдары Сирияга алданып кеткенин айтып, Кыргызстанга кайтып келген болчу. (BkA\YA)