Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Малала Юсуфзай – Политковская сыйлыгынын лауреаты


Лондондо орус журналисти Анна Политковская атындагы сыйлыкты 16 жаштагы пакистандык кыз Малала Юсуфзайга тапшыруу аземи өттү. 2012-жылы Малала Юсуфзайга талиптер кол салып, аны өлтүрөбүз дешкен. Малала балдардын жана кыздардын билим алуудагы тең укуктуулугу үчүн күрөшүп келет.

Сыйлыкты 104 жаштагы Николас Уинтон тапшырды. Ал нацисттик оккупация кезинде Чехословакияда жүздөгөн жөөт балдарды өлүмдөн сактап калган.

Малала Юсуфзай 11 жашынан тарта Би-Би-Си медиа компаниясына блог жазып, Пакистандагы Сват аймагындагы балдардын турумушу тууралуу айтып берчү. Блогдо согушчандарды да сындачу.

Учурда Юсуфзай окуусун Бирмингемде улантууда. Бирмингемге ал үй-бүлөсү менен дарылануу үчүн көчкөн.

2006-жылы өлтүрүлгөн Анна Политковская атындагы сыйлык 2007-жылы Reach All Women in War бейөкмөт уюму тарабынан түптөлгөн. Сыйлык согуш өтүп жаткан аймактарда адам укуктарын сактоо боюнча иш алып барган аялдарга тапшырылат. (AiK)

XS
SM
MD
LG