Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

АКШда мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы компенсацияланат


5-октябрда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы төлөнбөгөн өргүүгө кеткен мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы калыбына келтирилиши керек деп добуш берди.

“Вашингтон пост” гезити жазып чыккандай, бул чечимге добуш берүү максатында мыйзам чыгаруучулар атайын ишембилик сессияга чогулушту. Бул абдан чанда болчу кырдаал.

Жактырылган мыйзам 800 миң мамлекеттик кызматкер АКШ өкмөтү өз ишин жандандырган соң иштебеген күндөрү үчүн да өз айлыктарын ала алышат дегенди түшүндүрөт.

Мыйзам ишке кириш үчүн Сенаттын макулдугу керек, бирок анын добуш берүү күнү аныктала элек.

АКШда мамлекеттик ишканалар 6 күндөн бери иштей элек. (AiK)

XS
SM
MD
LG