Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Египетте коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Бийликтен кулатылган президент Мохаммед Мурсинин тарапкерлери жана каршылаштары уюштурчу демонстрациялардын алдында Египетте коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Акциялар 1973-жылкы араб-израил соугушунун 40 жылдыгына карата да уюштурулууда.

Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары кабарлашкандай, Каирге кирчү жолдордо тосмолор орнотулду. Кошумча күчтөр Тахрир аянтына да жөнөтүлгөн, демонстрациялар бүгүн аталган аянтта өтмөкчү.

Египеттин ички иштер министрлиги Тахрир аянтында зомбулукка баргандарды катаал чаралар күтөөрүн эскертти.

Жума күнү Мурсинин тарапкерлери Тахрирде чогулууга аракеттенип, Мурсинин каршылаштары жана полиция менен кагылышуу орун алган. Анда кеминде төрт адам мерт кетти.

XS
SM
MD
LG