Жогорку Нарындагы Орусия салып баштаган электр станциялар курулушунда быйыл убактылуу жашоочу шаарчанын төрттөн бир бөлүгүн бүтүрүүнү пландап жатышат. Бирок жумушчулардын айтымында иш толук кандуу жүрбөй жатат. Себеби электр энергиясы курулушка толук жеткен эмес. (Токтосун Шамбетов)