Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:01

Караколдогу митингде өкмөт өкүлүнө кол салуу аракети болду


Ушу тапта Караколдун борбордук аянтында эки башка талап койгон эки митинг өтүүдө. Биринчи акциянын катышуучулары банктан кредит алып, төлөй албай жүргөндөр, ал эми экинчисиники - Кумтөр боюнча меморандумга каршылар. Кабарчыбыздын айтымында, өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев насыя алган митингчилер менен жолугуп жаткан учурда бир нече аял анын сөзүн укпай, жакалай баштагандыктан ал галстугун чечип салууга аргасыз болду. Каптагаевдин келишин Кумтөргө байланыштуу чыккандар да, насыя алгандар да талап кылып, ортодо ызы-чуу чыкты. Кырдаалга милиция көзөмөл кылууда. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG