Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Караколдун четинде эки адамдын сөөгү табылды

Ишембиден жекшембиге караган түнү Каракол шаарынын четинде эки адамды атып кетишти. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, атып өлтүрүлгөн 33 жана 47 жаштагы эки адамдын ким экени аныкталды. Бири Караколдун, бири Талды-Суу айылынын тургуну. Экөө тең мурда соттолгондор. Тергөөнүн алдын ала божомолунда, кылмыш алардын мурдагы криминалдык иштерине байланыштуу жасалган болушу мүмкүн. (RK)
XS
SM
MD
LG