Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Каптагаевди митингчилер машинанын ичинде кармоодо


Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Эмилбек Каптагаевди Кумтөргө байланыштуу чыккан митингчилер машинага отургузуп, сыртынан атчандар курчап турат. Бул тууралуу кабарчыбыз билдирди.

Кумтөр алтын кенин мындан ары иштетүү үчүн канадалык инвестор "Центерра" менен жаңы биргелешкен ишкана түзүү боюнча кыргыз өкмөтү менен меморандумга каршылар эртеден бери Караколдун борбордук аянтында митинг өткөрүп жаткан. Бир нече мүнөт мурда аларга 50-60 атчан киши келип кошулду. Алар өзүлөрүн Жети-Өгүз районунун өкүлдөрүбүз деп айтууда. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG