Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Каптагаев: Кумтөр маселесин чечүү татаал


КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев “Азаттыкка” курган маегинде Кумтөр маселесинин тагдыры Жогорку Кеңешке көз каранды деп билдирди:

- Парламенттин бүгүнкү позициясынан көз каранды. Эгер карабайбыз десе, аларды зордоп карата алышпайт. Ал жерде 120 депутат бар. Алар кандай десе, ошондой. Кумтөр маселеси бул жерден да, өкмөттөн да чечилбейт.

Эмилбек Каптагаев маеги учурунда өзү өкмөт менен сүйлөшүп, маалымат бергенин айтып, өзү отурган автоунаага чачылган бензиндин жытынан улам башы ооруп жатканына даттанды.

Кумтөр алтын кенин мындан ары иштетүү үчүн канадалык инвестор "Центерра" менен жаңы биргелешкен ишкана түзүү боюнча кыргыз өкмөтү менен меморандумга каршылык митинги Караколдун борбордук аянтында эртең менен башталган. Түштөн кийин митингчилерге жолугушууга чыккан КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди митингчилер курчоого алып, автоунаага отургузуп коюшкан.(MK/ZKo)

XS
SM
MD
LG