Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, кечээги митингди уюштуруучулардын көпчүлүгү кармалды. Жалпысы болуп уюштуруучулардан жана катышуучулардан 23 киши камакка алынды. Аларга бийлик өкүлүн барымтага алуу, ээнбаштык, өлтүрөм деп коркутуу менен зомбулук кылуу фактылары боюнча кылмыш иши козголуусу айтылууда.(MK/ZKo)