Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:50

АКШ Кабул менен аскерий келишимге жетишерине үмүттөнөт


Вашингтондун маалыматы боюнча, 2014-жылы Ооганстандан антитеррордук күчтөр чыгып кеткенден кийин да аскерий кызматташуу келишими жакында түзүлөрүнө үмүт бар. АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү дүйшөмбүдө билдиргени боюнча эки тараптан тең алдыга жылуулар бар.

Бул маалыматтар Ооган президенти Хамид Карзай НАТО менен америкалык күчтөрдү Ооганстандын эгемендигине шек келтирүүдө деп айыптагандан кийин айтылды. Карзай НАТОнун учактары 5-октябрда Нангархар провинциясын бомбалоосун сындаган. Альянс болсо чабуул эл аралык аэропортко кол салууга даярданып жаткан козголоңчуларга жасалганын маалымдады.

Хамид Карзай ошондой эле кийинки айда аксакалдар кеңеши менен Ооганстан-АКШ аскерий кызматташтыгын талкуулай турганын да билдирген.

XS
SM
MD
LG