Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:29

Караколдогу башаламандыкка байланыштуу 23 киши кармалды


Караколдогу кечээки башаламандыкка байланыштуу 23 киши кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Облустук прокуратура 7-октябрдагы митингдеги мыйзам бузуулар: бийлик өкүлүн барымтага алуу, ээнбаштык, өлтүрөм деп коркутуу менен зомбулук кылуу фактылары боюнча кылмыш ишин козгогон болчу. Прокуратуранын маалыматы боюнча, иликтөө иштери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин облустук башкармалыгына тапшырылды.

Кечээ жергиликтүү милиция Кумтөргө байланыштуу митингди кууп таркатууга мажбур болгон. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG