Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:25

Саруунун четинде бир жеңил унаа аңтарылып жатат


Жети-Өгүздүн Саруу айылынын четинде бир жеңил машина аңтарылып жатат. 400дөй киши ошол жердеги Кашат көпүрөсүнүн үстүнө бутактарды сүйрөп келип жолду бууп коюшту. Көз каранды эмес байкоочулардын айтымында, нааразылык акциясына чыккандардын маанайы агрессивдүү.

Ошентип, азыр митингчилер Бишкек - Каракол унаа жолунан Саруу, Дархан айылдарына кетчү жолду бууп турат. Буга чейин алар Саруу айылынын Маданият үйүнүн алдына барып чогула баштаган болчу.Кечээ Караколдогу митингден кийин кармалган 23 кишинин арасында саруулуктар да бар. 7-октябрда "Кумтөр элдин колуна өтсүн" деген талап менен митингге чогулгандар өкмөттүн өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алган. Күч колдонулгандан кийин гана Каптагаев бошотулуп, митинг тараган. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG