Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Пхеньян аскер күчтөрү “күчөтүлгөн даярдыкта” экенин жарыялады


Түндүк Кореянын бийликтери армиянын күчөтүлгөн режимге келтирилгенин жарыялашты. Түндүк Кореянын коргоо күчтөрүнүн өкүлү АКШга “катастрофалык кесепеттер” тууралуу эскертти. Вашингтон Түштүк Кореядагы портко бир нече кеме жөнөткөн.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги кемелердин ары-бери сүзүшү адам издөөгө багытталган кадимки окуулардын бир бөлүгү экендигин кабарлап, Түндүк Кореянын айыптоолорун четке каккан.

Түндүк Корея бийликтери августта Кэссон аймагында жайгашкан биргелешкен ишканаларды кайра иштете баштады. Кэссон Түндүк Кореяда жайгашып, ал жерде он миңдеген адамдар иштешет. Апрелде эки өлкөнүн мамилеси татаалдашып, ишканалар жабылган эле. Бирок акыркы айларда Пхеньян менен Сеулдун ортосундагы мамилелер жакшырган жок. (AiK)

XS
SM
MD
LG