Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Отунбаева белгисиз “булакты” сотко берет


Бул тууралуу 8-октябрда “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондунун расмий билдирүүсүндө айтылат.

Экс-президент Роза Отунбаева “Вечерний Бишкек” гезитинин интернет редакциясына жасаган кайрылуусунда Караколдогу митингди ал уюштурган деген дооматтарды кескин түрдө четке какты.

Бир күн мурда аталган редакция интернет сайтында “Караколдогу митингдердин артында Р.Отунбаева, Ө.Бабанов жана Э. Каптагаев турат” деген аталышта макала чыгарып, ал сөздөр “бийликтин жогорку бутагындагы өз булактарга” таандык экени жазылган.

- Мен бул ойго келбес айыптоолор боюнча комментарий бермек эмесмин, бирок өлкөдө кыйын кырдаал түзүлүп, коопсуздук үчүн жооптуу айрым адамдар коомчулуктун көңүлүн митингдин чыныгы “уюштуруучуларынан” алаксыткысы келип жатат, - деп белгилейт Отунбаева.

Экс-президент "Кумтөр боюнча келишим каралып жатканда эмнеге коопсуздук үчүн жооптуулар өз ишин аткарбай жатат?" деп суроо салат.
Отунбаеванын пикиринде, Караколдогу митингге алдын ала даярдыктар көрүлгөн.

- Айрыкча бирдей формачан атчандар таң калтырат, - деп баса белгилейт Отунбаева.

Отунбаева президенттин ишмердүүлүгүн колдойт, бирок өлкө башчысы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында укук коргоо органдарынан кесипкөй, жоопкерчиликтүү мамилени талап кылышы керек.

- "Булакты” мени каралаган жалган маалыматы үчүн сотко берем. Убатылуу өкмөт тарабынан иштелип чыккан Башмыйзам ММКларга текшерилбеген маалыматты жарыялоого укук бергени өкүнүчтүү, мурдагы Башмыйзам боюнча бул маалымат үчүн алар кылмыш жообуна тартылышмак, - деп жыйынтыктайт билдирүүсүн Роза Отунбаева (AiK).

XS
SM
MD
LG