Ирандын Маалымат жана байланыш технологиялары боюнча министрлиги адистерден топ түзүлүп, айрым сайттардан тосмолорду алуу жана Фейсбук, Твиттер өңдүү социалдык түйүндөрдүн ачылышы каралып жатканын кабарлады. Бул тууралуу маалымат министрликтин сайтында турат.
Бир нече күн мурун Иран прессасы аталган министрликтин жетекчиси Махмуд Ваезинин популярдуу социалдык түйүндөрдүн иши жанданбайт деген сөздөрүн талкуулап жаткан. Бирок Ваези өзү бул сөздөрдү аталган сайтта четке кагып, маселе каралып жатканын кабарлады.
Президент Хасан Роуханинин катчылыгы Твиттерди колдонот. Ирандын тышкы иштер министринин Фейсбукта, Твиттерде аккаунттары бар. Ирандын Жогорку лидери Аятолла Хаменеинин да Твиттерде баракчасы бар. Бирок ал өзү жазбайт деп айтылып жүрөт. (AiK)