Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Башаламандыктын авторлору аныкталууда


Каракол шаары, Тимур Акбашевдин фотосу. 7-октябрь, 2013-жыл
Каракол шаары, Тимур Акбашевдин фотосу. 7-октябрь, 2013-жыл

7-октябрдагы Караколдогу башаламандык боюнча кармалган 23 адам Бишкекке жеткирилди. Алардын үстүнөн козголгон кылмыш ишти тергөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине тапшырылды.

Аталган комитеттин маалымат кызматынын өкүлү Кубан Арзыкуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, төрт берене боюнча козголгон кылмыш иши учурда тергелип жатат:

- Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин 227-берене (кишини барымтага алуу), 234-берене (бийлик өкүлүнө баш ийбей бейбаштык кылуу), 341-берене (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) жана 113-беренелери (адамды өлтүрөм деп коркутуу) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул ишти тергөө УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгына тапшырылды.

Күч органдарынан кошумчалашкандай, учурда кечээги башаламандыкты уюштургандарды аныктоо боюнча иштер уланууда.

Жети-Өгүздүн Саруу айылында Бишкек - Каракол унаа жолун тоскон 400дөн ашык адам башаламандыкты уюштурду делип кармалгандарды бошотуу талабын коюшту. Алардын бири Абылас Үсөнбаевдин айтымында, кармалгандар бошотулуп, Кумтөр маселеси оңунан чечилмейин нааразылык акциялары улана бермекчи:

- Кумтөр - элдин байлыгы. Ал үчүн биз аягына чейин турабыз. Биз мыйзам чегинен чыккан жокпуз. Өкмөттөн кетти. Алгач эки балабызды, азыр болсо 28 балабызды камап салышты. Баарыбызды камап салса да, биз аягына чейин турабыз.

Анткен менен өкмөттүн коопсуздук жана коргоо маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов “Азаттыкка” кармалган митингчилер бошотулбасын, бийлик бул окуя боюнча мыйзамдуу чараларды көрөрүн эскертти:

- Чогулгандар кечээ кармалган балдарды бошоткула, Кумтөр боюнча түзүлгөн меморандумду жокко чыгаргыла деген талаптарды коюшту. Бирок биринчи маселени өкмөт чечпейт. Аны тергөө органдары менен сот чечиши керек. Ал эми экинчи маселе боюнча меморандумга кол коюла элек. Ал талкууланып гана жатат.

Караколдогу окуя боюнча бүгүн президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрдү. Өлкө башчынын маалымат катчысы Кадыр Токтогуловдун билдиришинче, жыйында президент күч түзүмдөрүнүн башчыларына кырдаалды жөнгө салуу тапшырмасын берди:

- Жыйында Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарына мыйзамдын чегинде иштеп, объективдүү тергөөнү камсыз кылып, мыйзамсыз аракеттерге күнөөлүү уюштуруучуларды жана катышуучуларды жоопко тартууну тапшырды. Президент мамлекет жалпы Кыргызстан элинин кызыкчылыктарын коргоого милдеттүү экендигин, айрым саясый күчтөргө элдин башын айлантып, мыйзамсыз аракеттерди жасоого түртүүгө жол бербеш керектигин белгиледи.

Саясатчылардын баасы

Ошол эле учурда ар кыл саясий күчтөр Караколдогу окуя боюнча пикирлерин билдиришүүдө. Маселен, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев:

- 7-октябрдагы Караколдогу митингдин негизги талабы - Кумтөр боюнча тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү. Аны Кыргызстандын көпчүлүк жарандары колдойт. Бирок бул жакшы ниетти пайдаланып, өз кызыкчылыгын ишке ашыргысы келген саясий топтор болушу мүмкүн. Ошондуктан бийлик өкүлү барымтага алынып, мыйзамсыз аракеттер ишке ашты.

Текебаев билдиргендей, мыйзасыз аракеттерге баргандардын баары жазаланышы зарыл. Ал эми өкмөт менен парламент Кумтөр маселесин тез чечүүгө аракет кылышы керек. Бул үчүн парламент шаршембиде Кумтөр маселесин карап, өзүнүн саясий чечимин кабыл алышы керектигин, өкмөт болсо муну тезинен аткарууга тийиш экенин кошумчалады.

Ал эми “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов митингге чыккандар сабырсыздык кылып жатканын айтып чыкты. Анын божомолунда, парламент Кумтөр боюнча өкмөт сунуштаган долбоорду четке какчудай:

- Мындай митингдерди уюштуруу туура эмес. Анын уюштуруучулары учурдагы Жогорку Кеңештин чечимин күтүшү керек болчу. Өзүңүздөр билгендей, депутаттардын басымдуу бөлүгү бул меморандумду кабыл алууга каршы чыгып жатышат.

Айрым маалымат булактары Караколдогу башаламандыктын артында турат деп жазып чыккан оппозициячыл “Каршылык көрсөтүү” кыймылынын төрагасы Өмүрбек Суваналиев бул окуяларга бийликтин аракетсиздиги себеп болду деп эсептейт:

- Караколдогу окуялар бийлик эч нерсе чечпей, элди алдаганынан келип чыкты. Бул маселе май айынан бери келаткан. Ошону алдын-алып, баарын анализдеп, тиешелүү чара көрүү учурдагы бийликтин милдети болчу. Бирок окуя болгон соң, аларды камап, элдин көзүнчө ар кыл иштерди жасап жатканы жакшылыкка алып барбайт.

Суваналиев Караколдогу окуялардын артында “Каршылык көрсөтүү” кыймылы турат деген маалыматты да четке какты. Анын айтымында, ал жетектеген кыймылдын лидерлери 10-октябрда Талас шаарында митинг өткөрүүгө даярданып, аталган шаарда жүрүшөт. Бул митингде учурдагы коалициялык өкмөттү таратып, анын ордуна элдик ишенимдеги өкмөт түзүү талабы коюлмакчы.

Өткөн айда Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” Кумтөр кенин бергелешип иштетүү боюнча меморандумду сунуштаган. Ага ылайык, эки тарап 50 пайыздык үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүп, ага Кыргызстан жетекчилик кылмакчы. Меморандумду парламент 9-октябрдагы жыйында талкуулап, бул боюнча чечим кабыл алышы керек.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG